Депутаттардын машинесине 985 мин сом акча коротулат. Кызык, эл өкүлдөрү кызматтык машиналардан баш тартышкан. Учурда Жогорку Кеңештин гаражында 53 машина болсо, анын ичинде 10 кадиллак бар. Анан эмнеге айдалбай турган машиналарга Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы 985 миң сомго 2007-жылы чыгарылган “Toyota Kamri” автоунаасы үчүн 133 түрдүү тетиктерди сатып алганы жатат? Бул деген кызылдай эле мамлекетти тоноо эмеспи. Муну айдалбаган машинага тетик алабыз деп акча жешкени жатат деп түшүнсөк туура болчудай..
Буга дагы бир мисал, депутаттар 5 айда мейманканаларга 3, 5 млн. сом коротушканын айтсак жарашат. Мындай маалымат “Бюджеттик чыгашалар” боюнча тастыктамадан белгилүү болгон. Анда мейманканаларга кеткен чыгашаларынын 740 000 сому Кыргызстандагы мейманканаларга төлөндү деп көрсөтүлгөн. Калган 2 млн. 655 000 сом акча каражаты чет өлкөдөгү мейманканаларга сарпталган. Эл өкүлдөрү мейманкаларда эс алып, чардап эле жатышкан го.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ