Казакстандын Костанай облусунун жашоочусу Анна Белоусова жумушунда «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылгандыгы үчүн» компенсация катары өлкөнүн Каржы министрлигинен жети миллион теңге (22 миң доллардан ашык) талап кылып Астананын райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча бюронун Костанайдагы өкүлчүлүгүнүн юристи жана жетекчиси Анастасия Миллер билдирди.
Эки жыл мурда БУУнун аялдарды басмырлоо көрүнүштөрүн жоюу комитети Казакстан 34 жаштагы Анна Белоусованын укуктарын бузган деген чечим чыгарып, мамлекетти анын укуктарын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иштерди аткарууга чакырган. Укук коргоочулар билдиришкендей, бирок бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Буга чейин Анна Белоусованын 1999-жылдан бери айылдык мектепте гардеробчу болуп иштеп, жыл сайын келишими узартылып келгендиги кабарланган. Бирок 2010-жылы мектепке жаңы директордун келиши менен абал өзгөрүп, кийин Белоусова аны сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап чыккан. Айтымында, жаңы жетекчи андан интимдик мамилелерди талап кылган.
Директордун өзү Белоусованын ыдык көрсөтүү жана акча талап кылуу боюнча айыптоолорун четке каккан. 2011-жылы ал соттон утуп чыгып, Анна Белоусова эл алдында директордон кечирим суроого жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ