Menu

“Реформа” партиясы Садыр Жапаровго чиновниктерге жана алардын жакындарына карата мүлктү люстрациялоо процессин баштоону сунуш кылды

Бөлүшүү:

“Реформа” партиясы чиновниктерге жана алардын жакындарына карата мүлктү люстрациялоо процессин баштоону сунуштайт. Бул тууралуу партия президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго жасаган кайрылууснда айтылат.

“Реформа” саясий партиясы бийликтин жаңылануу жана тазалануу процесстерине активдүү катышуу ниетин билдирет жана мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын колдоого даяр.

“Мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүнүн натыйжалуулугу көбүнчө жарандык коом институттарынын ага активдүү катышуусунан көз каранды экендиги айдан ачык, ал коомдук-саясий көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик органдардын стратегиялык өнөктөштөрү катары кабылданып, “күн тартибин” түзүп, алардын “мээсин” камсыз кылат – сунуштарды иштеп чыгат жана жайылтат , эксперттик жардам көрсөтөт.

Бул үчүн дискуссия аянтчалары гана эмес, ошондой эле туруктуу негизде өз ара аракеттенүүнүн туруктуу формалары талап кылынат, өз ара кызматташуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү.

Ушунун негизинде, тез жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн, биз мүлктү люстрациялоо процессин баштоону жана кызмат адамдарынын (алардын туугандарын кошкондо) декларацияларын жана иш жүзүндөгү мүлктүк абалын текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштайбыз.

Комиссия жөнүндө жобонун долбоорун сиздин кароого сунуштайбыз. Комиссия өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт, жарандык көзөмөлдү камсыздоо жана комиссиянын ишине саясий же башка таасирлерди болтурбоо үчүн, анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, компетенттүүлүктүн жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу үчүн – мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет деп болжолдонууда (Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы ж.б.).

Комиссиянын иштөө тартиби регламентте жөнгө салынат, айрыкча белгилей кетүүчү нерсе, декларацияларды толук текшерүү үчүн комиссия жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керек.

Комиссиянын максаттарына жетүү үчүн, мыйзамсыз алынган мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө жарлык чыгарууну сунуштайбыз.

Комиссиянын ишмердүүлүгү келечекте мамлекеттик кызмат тутумунда декларацияларды текшерүүнүн адистештирилген механизмин киргизүү үчүн үлгү боло алат” – деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: