Menu

Кош никелүүлүк боюнча референдум өткөрүлөбү?

Бөлүшүү:

Коомубузда кош никелүүлүк көптөн бери кызуу талкууланууда. Бирок бул маселе бир жагына чечиле элек. Ал тургай эркектердин эки аял алуусу парламенттик денгээлге чейин жетип, аны демилгелеген депутаттар ур-токмокко кабылышкан болчу. Кош никелүүлүктү бул ирет айымдар өздөрү, журналист Назира Бегим коомдук талкууга алып чыгып жатат. 10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси белгилүү дин аалымдары, эксперттердин катышуусунда талкууланды. Аталган талкуунун уюштуруучусу Н.Бегим өз демилгесин мындай деп билдирди: “Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерле 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз». Талкуунун жүрушүндө айтылуу дин аалымы Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айтты: “Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи, демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп өзүнө, күйөөсунө көңүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө «иммунитет» жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот». Демек, Чубак ажы айтса туура айтчу эле..

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: