Menu

Балдарга жөлөкпул берүүдө коррупциялык тобокелчиликти кыскартууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылууда коррупциялык тобокелчиликти максималдуу кыскартууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Сунушталуучу мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөлөкпулдардын төмөнкүдөй түрлөрү сунуш кылынат:

– бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул (сүйүнчү пул – 4000 сом);

– үч жашка чыкканга чейин балага ай сайын жөлөкпул (700 сом);

– үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга жөлөкпул (3-баладан баштап 500 сомдон 16 жашка толгоного чейин).

Талкууда депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттөн канча каражат талап кылынаарына кызыгып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин жашаган жери боюнча маалымкат менен гана жөлөкпул берүүдө калктын аялуу катмарына бериле турган жөлөкпулдун мааниси жоголорун айтты. Депутат Дастан Бекешев дагы мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен республикалык бюджетке оорчулук келерин белгиледи. Жыйынга катышып жаткан Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков талап кылынган 1,8 миллиард сом республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнөн карала тургандыгын маалымдады.

Айрым депутаттар тарабынан социалдык жактан коргоого муктаж категориядагы балдарга гана жардам берилиши керектиги, мыйзам долбоорунда баардык балдар жөлөкпулга мүмкүнчүлүк алса, бир чети баары мамлекеттин мойнунда отуруп калары, экинчи чети муну менен социалдык теңсиздик болбой калаары боюнча дагы пикирлер айтылды.

Мыйзам долбоору боюнча айтылган кайчы пикирлерден соң мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: