Интернет өнүккөн заманда кумурсканын жөрмөлөгөнү да көз жаздымда калбай калды. Ар бир адамдын телефонунда камерасы бар, бир аз эле туура эмес, же туура көрүнүштөр көрүнсө болду, тартылат да, интернетке жүктөлөт.
Ошентип, биздин замандын каармандары арбыгандан арбып баратат.
Бул жумада соцтармактагы талкуу кызматтык автоунаага курулуш материалдарын жүктөп бараткан милиция кызматкерлерине түштү.
Интернетке жүктөлгөн видеодон КР ИИМдин MVD 132 М мамномериндеги автоунаасы курулуш материалдарын жүктөп баратканы көрүндү. Бул соцтармак колдонуучулардын нааразычылыгынын катуу толкунун пайда кылды.
Коомчулуктун нааразычылыгына жооп иретинде ИИМдин басма сөз кызматынын башкы инспектору Медер Шабданов ал автоунааны айдаган милиция кызматкерлери жазаланганын маалымат каражаттарына билдирди. Айтымында, айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1000 сом айыппул салынган. Ошондой эле, кызматтык автоунаада курулуш материалдарын кайда жүктөп баратканы иликтөөгө алынган.
ИИМдин кайсы кызматкери кызматтык автоунааны жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келгени ачыкталабы, же жабык бойдон калабы, азырынча белгисиз.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ