Келерки жылы залкар комузчу, улуу композитор Карамолдо Ороз уулунун 175 жылдык маарекеси болот, аны жакшылап белгилешибиз керек. Ал эӊ биринчи «эл артисти» наамын алган адам. Анын кыргыз маданиятына кошкон салымы менен ээлеген орду өзгөчө, – деди депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кенеш жыйынында. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
«Өкмөт Карамолдонун 175 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча комиссия түзүп, азыртан даярдык көрө башташы зарыл. Китептерди чыгарып, фильмдерди тартып, конференцияларды өткөрүш керек. Анын өмүрү менен өнөрү жөнүндө кийинки муундарга жеткирүү – биздин милдет», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ