Menu

Мелис Мырзакматов мекенине кайтып келмекчи болууда

Бөлүшүү:

Чет өлкөлөрдө жашынып жүргөн Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов мекенин сагынып, Кыргызстанга кайтып келмекчи. Бирок, 2014-жылы үстүнөн кылмыш иши козголгон Мырзакматов чек арадан кирчү болсо, оппозициячыл соратниги, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдукундай тагдырга туш болуп каларын эң сонун түшүнөт.

Ошондуктан, ал башкалардын катачылыгын кайталабай, мекенине жашыруун жолдор менен кайтып келмекчи. Бул оюн ишке ашырыш үчүн Оштун мурдагы башчысы Өзбекстандын аймагы менен өтүп келмекчи. Биздин ишенимдүү булактарыбыздын маалыматы боюнча, Оштун мурдагы «ханы» жакынкы кездерде өзүнүн жакын кишилерин, анын ичинде «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобековду өзбек тараптын уруксатын алууга жибергени жатыптыр.

Кыргызстандын өзгөчө белгилүү оппозиционерлеринин бирин бийлик оппоненттери аябай куугунтукка алынып жаткан мезгилде мекенине кайра кайтып келмекчи болуп жатканынын себеби эмнеде?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: