Menu

Индиянын футболчуларына улуттук курамабыз утулуп берди

Бөлүшүү:

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамы «Азия кубогу-2019» мелдешинин иргеп алуу турнирине катышып атат. Кечээ Индиянын топ тепкичтери менен Бангалор шаарында кездешип, болбогон жерден 1:0 эсебинде талаа ээлерине алдырып ийди. Иргеп алуу мелдешинде биздин балдар «А» тайпасына туш келген эле. А жерде Кыргызстан, Индия, Мьянма, Макао командалары бар. Оюн айлампа түрүндө үйүндө жана конокто болот. Тайпанын жеңүүчүсү кийинки баскычты карай жыла бермекчи. Топ күйөрмандары жеңишти, болбоду дегенде тең чыгууну үмүт кылышкан эле. Адегенде эле талаага Павел Матяш, Тамирлан Козубаев, Ильяз Алимов, Виктор Майер, Мирлан Мурзаев, Ахлидин Исраилов, Аман Маныбеков, Виталий Люкс, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков жана Антон Землянухиндер чыгышкан. Оюндун башында биздин топ тепкичтер удаа-удаа чабуул коюп каратору балдардын шаштысын кетирип койду. Алгачкы чабуулдардын бирөөсүндө индиянын дарбазачысы олдоксон кыймылы менен биздин мыкты оюнчуларыбыздын бири А.Землянухиндин денесин оруксунтуп, ал оюнчубуз андан аркы оюнду улантууга болбой калды. Эдгар Бернхард талаага кирди. Мирлан Мурзаевдин гол сокконго бир-эки жолу мүмкүнчүлүгү болду. Индиянын дарбазачысы жакшы ойноп койду. Оюндун экинчи бөлүгундө Ахлидин Исраиловдун топ соккусу дарбазанын мамысына тийди. Гол жаратканга Виталий Люкстун бир учурда шарты болгон эле. Анткен менен спортто «эгер сен гол сого албасаң, атаандаштарың гол согот» деген кеп бар. Бул сөз бекеринен чыкпаганбы деп кетесиң. Биздин топ тепкичтер, анын ичинде коргонуудагы оюнчулар өз милдеттерин жакшы аткара албагандын эсебинен Индияньш каратору топ тепкичтери 69-мүнөттө Павел Матяшка гол киргизип кетти. Калган убакта деле биздин балдар жакшы оюн көргөзгөндөй болду. Аракеттери таш каап атты. Жыйынтыгында, мелдеш талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эми кийинки оюн 5-сентябрь күнү биздин улуттук курам өз талаасында Мьянма командасы менен ойнойт.

Булак:”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: