Ысык-Көл областында ар бир райондо тыңчыкмалар бар атайын. Көлдү биз чечебиз дегендер сыпайы айтканда. Анан Кумтөрдөн түшкөн каражатты ары-бери чайпаган Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бар. Ошол фондко башчылыкты кезек менен шайлашчу экен. Кезек Тоң районуна жетип, бирок аларга Ысык-Көл району карматпай жатыптыр. Интриганын башкы каарманы акжолчу Бакыт Иманалиев экен. Ушинтип талашкандан көрө кайра көлдүктөрдүн башын бириктирип, аттуу-баштуулардын, көлдүк журналисттердин ынтымагын түзүп, туулуп-өскөн жерге кызмат кылышпайбы десең. Баштары иштебей жатып фонддун башчылыгын талашканды ким коюптур буларга.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ