Menu

“Ата Мекен”: Текебаевдин документтери БШКга тапшырылды

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз “Азаттык” радиосуна билдирди:

– Биз, Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерди Боршайкомго тапшырдык. Мурда “Ата Мекен” партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Ошентсе да, Өмүрбек Чиркешовичтин жеке чечими менен ал Баш мыйзамдагы укугун пайдаланып, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы.

Канатбек Азиздин айтуусунда, БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин алганы тууралуу кагаз жүзүндө бекемдешкен.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ага “Мегаком” ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалуу.

Текебаевдин үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө.

Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга байланыштуу БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: