Menu

Фейсбуктагы пикирлер: “Атамбаев үчүн, кошоматчылары, СДПК үчүн, өздөрүнүн чөнтөгү үчүн чоң жылыш болду”

Бөлүшүү:

Гульжамал Керимбаева:
– Атаң гөрүүү… Бул реформа жасап, кыйын турбайбы. Аны эл-журт көрүп, окуп жатабы же мен замандан артта калдымбы?

Шарипа Мамбаева:
– Аябай өнүктүк, свет кымбаттады, сотов.связь кымбаттады, продуктылар, окуу куралдары кымбаттады, баары кымбаттады. Газ сатылды, Үңкүр-Тоо Аксыдагы сатылды, Токтогулдагы суу күнү-түнү сатылып жатат. Соттор чөнтөк сотко айланды, гкнб, прокурорлор заказды гана аткарып калышты. Шоопурлар, жан сакчылар креслого олтурушту. Аябай чоң скачок жасадык, силер көрбөй туйбай, эле…

Чингиз Торокулов:
– Алмаз сотторду өзүнө менчик кылып алганынан, “реформа жасадым” – деп айтып жатса керек.

Нурадин Темиралиев:
– Аябай катуу реформа болуп, ушунчалык өнүгүп кетпедикпи, же “атабыз” тамашалап койдубу? Бирок чын элего, элдердин баары айтып жатышат, аябай өнүктүк деп…

Айсулу Айтбаева:

– Да, глава государства безусловно прав. Никто еще за 5 лет не добился таких результатов! Да, здравствует кыргызский суд, самый гуманный, прозрачный, открытый, независимый суд в мире!!!
А тем, кто годами обивает пороги судов, просьба “тусоваться на стороне”.

Санжар Акбаров:

– Эч нерсе көргөн жокмун же менин көзүм начарлап баратабы? Жапжаш болуп туруп… Реформа каякта жүрөт ?

Клара Сооронкулова:

– “Кто утверждает, что судебная реформа провалилась, тот свинья. Свиньи всегда найдут грязь”. Атамбаев А.
Всем понятно?

Zalkar Matazimov:
– Атамбаев мен жашаган өлкөдө жашабайт же мындай чоң реформаны угуп-көрбөгөн менин көзүм көр, кулагым дүлөй.

Тамчы Турусбекова:

– Катуу өнүктүк, завод фабрикалар курулду. Кыргыздар башка мамлекетке иш издебей эле, тескерисинче сырттан келе башташты. 2-3 уровендеги жолдор салынып, жол тыгындар токтоду. Пенсия, пособиелер ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, пенсионерлерибиз ар кайсы өлкөгө саякатка кетип жатышат. Аттиң, кана ушул чын болсо, ошондо айтса болмок биздин президент уялбай “УШУНЧАЛЫК ТЕЗ ӨНҮГҮППТҮРБҮЗ “ – деп…

Рита Карасартова:

– Он назвал свиньей того, кто не видит результатов реформ. Можно немного прохрюкать о тех, кого не замечает президент. Во всей его благодарственной речи ни единого слова про международные организации и фонды, которые финансировали работу экспертов и этих круглых столов. Даже обед этого мероприятия профинансирован с международных проектов. Хоть бы где – то вставил пять копеек про них. И второе, когда только началась работа Совета по отбору судей, ГО принесли свои компьютеры и установили их, чтоб подсчет баллов был автоматический; в 2013 ГО сделало анализ финансирования судебной системы и по его результатам активисты подали в суд на Минфин и выиграли процесс и ровно с того момента финансирование судебной ветви власти увеличилось. Ну ладно, переживем. Вполне вероятно, если бы нас отметили, нам стало бы стыдно за результаты реформ. А так, как то легче на душе стало, ты к созданной системе не имеешь отношения.

Каныкей Тургуналиева:

– Ооба. Шумдук өзгөрүүлөр болду. Метро салып, жолдо пробка жоголду. Элдер кредит деп карызга батпай кенен -кесир бай жашап жатышат. Мектептер бекер. Коррупция деген жок. Больница, мектептер салынып, мектепке окубай калган бала жок. Больницага батпай, очередте турмай жок. Гос.структура сонун иштеп жатат.
Бишкекте аба таза, салкын. Маршруткаларын айтпай эле коёюн. Вообще класс! Садиктер бекер. Как классно у нас!

Айчурек Орозева:

– Атамбаевдин тушунда “аябагандай чоң реформа” болуп кыргыздын баары дүйнөнүн төрт бурчуна темселеп кетти… Оокаттын айынан 6 жыл ажолук актанганга, мактанганга кетти, “баракелде”!

Дастан Матаипов:

– Орозонун күнүндө “аташкабыз” “балп” этти окшойт. Реформаны жаныңыздагыларга болуп көрбөгөндөй жасадыңыз. Айдоочуңузду президенттик аппаратка алдыңыз. Мен билгенден андай орундарда Салижан Жигитов деген агаларыбыз иштеген. Жансакчыңызды министр кылып койдуңуз. Кыргызстанда канча облус бар экенин билбеген бирөөнү…

Канат Кыдырмаев:

– Сотторду өзү тандап өткөрсө, беш жылда өтө сонун реформа жасалса, кыргыз эмнеге билбеди?
Канчадан алып сотторду өткөрдү? Муну кыргыз билдиби? Ажо сотторду алдына жыйып алып, алдап жатканын соттор сездиби? “Бөрк ал десе, баш алган” соттор ажонун алдында акпыз деп ойлоштубу? Кыскасы, баары арам иш менен отурушканын билишет. Бирок, билмексен болушат. Бири калп айтса, калгандары колдошуп кошулат, алакан кызартып кол чабышып… Эгер чындыкты сүйлөгөн, мыйзамды так аткарган соттор болсо, анда кыргызда чындык орномок. Бирок, мындай эмес Суроолор өтө көп, жообу азыр жок. Бирок, кийинки муундар суроолорго жооп таап, сөзсүз элди алдагандарды жана адилетсиз соттордун жазасын берет.

Мирлан Мадаев:

– Мына сага реформа, Кыргызстан 35 % ашуун башка мамлекеттин жаранын алды беш жылда. Сот реформасы өзүңөргө буюрсун. Ишиң жок же тишиң жок талаалап тентип жүрөсүң! Каяктагы реформалар? АША бүгүн эле чээнден чыккан аюуга окшоп койдуго, чындап реформа болдубу? Элди жетелеп алып барып көрсөт. Батукаевке реформа болду, Кызыл килем салдыңар учурдуңар, 12 адамды атып реформа кылдыңар, Дача-СУну реформа кылдыңар… Эмне “эл келесоо” – деп ойлойсуңарбы?

Темирлан Оморов:

– Бизге сот реформасы эмес, экономикалык реформа, жумуш орундары, улуттук коопсуздук… Ал эми чындап сот реформасы тууралуу сүйлөшөйүн десең, Батукаев, Кадыржан Батыровду, Апрель окуясындагы снайперлерди, Ош коогалаңындагы чет өлкөлүк снайперлерди жана башка көптөгөн кылмышкерлерди эмнеге эл алдында бир жаңсыл кылбайт бийлик…

Нургазы Шайлообеков:

– Айланасында ишенгени ким экени билинип жатпайбы. Атамбаев майрамда сүйлөбөй, бул жагынан кичине жылыш болду, өнүгүп жатабыз, аябай өнүккөн сайын бир эки кадам артка кетип, элүүдөн ашуун Кытайдан уурдалган жүк келип, эл кырылып, мигранттарыбыз, көбүнчө кыздарыбыз, орустардын менттеринен зомбулук көрүп, алар барбай коюң десе, Атамбаев жүзүкара жумуш менен камсыз кылып койбодубу? Бекерчи деген жылыш болду. Атамбаев үчүн чоң шайлоого жакын кагаз менен алдап, элди сыйлап, караңгылыктан чыга албай КТРК, ЭлТРден бир тарап менен жамандап, сасыган иштерин, кемчилигин айтып келе жаткан чынчыл, “элим” – деген инсандарды куугунтуктап, шылуундарды жылдыз кылып, зектер менен мамиледе болуп, кесиптүүлөрдү жок кылып, кесипсиз айдоочуларын өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, бийликке алып келип алды. Атамбаев үчүн, кошоматчылары, СДПКлар үчүн, өздөрүнүн чөнтөгү үчүн чоң жылыш болду. Эл үчүн бир-эки кадам артка жылыш болуп, караңгыга кирип, ылайга матырылып, “элитабыз сынды” – десем жаңылбайм.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: