«Ата Мекен» партиясына кошула коюп, акчадан же мандаттан жок калганын айтып Өмүрбек Текебаевди алдамчы катары сыпаттап жар салып жүргөн 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Балыкчы шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Орозбай кызы Ширинайды машинасы менен сүздүрүп кетип майып кылып койгону боюнча видео кайрылуу интернет булактарында жарыяланды. Видео кайрылууда Ширинай бир жылдан бери майып болуп баса албай коляскада отуруп калганын, кырсыкка себепкер Малиев бир дагы жолу басып келип абалын сурап койбогонун, апасын кемсинтип, тоготпой койгонун айтат. Текебаев 60 миң долларымды бербей жүрөт деп ыйлактаган Малиевдин кырчындай кыздын ден соолугуна зыян келтирип, майып кылып койгонун укук коргоо органдары иликтеп, күнөөсү болсо жазасын берүүгө тийиш. Акчасы барлар карапайым жарандарды кордоп, өз билгенин жасай бербеши керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ