Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңыдан шайланган депутаттарга 19-июнда мандат тапшырылды. Жеңишке жеткен 6 партия добуштарына ылайык мандаттарга ээ болду. Анда “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 9 мандат, КСДП 8, “Ата-Журт” 4, “Мекеним Кыргызстан” 4, “Кыргызстан” 3, “Республика” 3 мандат алышты.
КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика” партиялары биригип 18 мандат менен “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясын түзүштү. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракциялары күтүлгөндөй эле азчылык такалды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ