2017-жылдын 19-июнунда саат 16:30 чамасында Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы Кара-Мойнок жайлоосунда жайгашкан суу сактоочу жайга 2003-жылы туулган А.У. (Баткен району Актатыр айыл аймагынын тургуну) чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Издөө иштерине КР ӨКМнин 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган. Алар саат 20:04тө баланын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ