Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагынан жер алып берем деп эч документи жок талаага алып барып, жасалма документти көрсөтүп далайларды алдап, акчасын алып жүргөн 1950-1955-жылы туулган эки аял милициялардын кылтагына илинген. Алар буга чейин дал ушундай жол менен бир топ адамдын акчасын алып сызга отургузушкан. Эми булар кандай жазаланаары белгисиз. Анткени бизге маалым болгондой, дал ушундай “жер алып берем” деп алдоо жолу менен акча тапкандардын бир далайы милицияга кармалганы менен, акчалуу болгондуктанбы же дагы башка жолдор мененби, жазаланбай эле бошонуп кетишээри айтылып жүрөт. Эми булар башка жер саткан алдамчыларга сабак болгондой болуп жазаланса экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ