Menu

Сабоо жеген депутаттын башына “доо” кеткен окшойт

Бөлүшүү:

Каракол шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Тууганбек Чолпонбаев кесиптеши, “Табылга” фракциясынын депутаты Азамат Айтбаевди бир топ сабап салгандыгы боюнча маалыматтар байма-бай тарады. Себеби, Тууганбек Азаматты шар мэринин отчётун колдогону үчүн сабаган. Ал Азаматты башка бөлмөгө чакырып алып, башка-көзгө койгулаган. Сабоо жеген депутат милицияга арыз жазып, экспертизадан өткөн. Экспертиза анын башына доо кеткенин аныктаган. Кийин чоң муштум Тууганбек Азаматтан кечирим сураган. Көп өтпөй токмоктолгон Айтбаев түшүнөн чоочуп Чолпонбаевге эч кандай дооматы жок экенин, аны эч ким сабабагандыгын айтып чыкты. Милицияга жазган арызын аз өтпөй ушинтип өзгөртүп, апенди боло берсе болобу? Деги Кыргызстанда мыйзам иштейби? Чынында жергиликтүү кеңештерде, айрыкча шаардык кеңештерде ушундай окуялар көп катталат. Маселен, Ош, Токмок ж.б. шаарларда криминалдарга аралашкандар аз эмес. Көп учурда мушташып, ж.б. кылмыштуу аракеттерди кылышканы менен бири да кылмыш жообуна тартылбай келет.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: