Бүгүн, 20-июнда Бишкектеги Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдына профсоюз мүчөлөрү “Федерациянын төрагасы, СДПКчы Мирбек Асанакунов кызматынан кетсин!” деген чакырык менен митингге чыгышты.
Митингичилер СДПКчы Мирбек Асанакунов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ысык-Көл облусуна эки жолу губернатор болуп дайындалып, иштей алган жок. Андан кийин Бишкек Эркин экономикалык аймагына директор болуп бекитилип иштеп кете албады. Аргасы кеткен бийлик аны Кыргызстан профсоюздар федерациясына төрагалыкка тыга салышты дешет.
“Профсоюздар федерациясы бул мамлекеттик ишкана эмес, жогортон дайындап коё турган. Бул коомдук мекеме. Ошондуктан шайлоо менен гана дайындалыш керек. Ал эми Мирбек Асанакунов Профсоюздар федерациясына жетекчи болуп келери менен өзүнө жакпаган адистерди мыйзамсыз кызматтан кетирип ордуна өзүнүн гана кишилерин дайындай баштады”, – дейт митингдин лидерлеринин бири Тимур Саралаев.
“Мирбек Асанакунов курорт-санаторийлердин директорлорунун кызмат ордун 25-50 миң доллардан сатып жатат”, – дейт Роза аттуу митингдин катышуучусу.
Видео: Сентябрь ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ