Menu

Белгилүү журналист Келдибек Назиров кайтыш болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-июнда белгилүү журналист Келдибек Назировдун сөөгү Сокулук районунда жерге берилди. Бул тууралу социалдык түйүндөрдө анын кесиптештери жазып чыгышты.

Келдибек Назиров Кыргызстандагы бир топ белдүү басылмаларда, анын ичинде “Агым”, “Жаңы ордо” гезиттеринде журналист катары кызмат өтөп, коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жүрөгүнө өтө жакын кабыл алганы менен белгилүү эле. Айрыкча кыргыз элин бөлүп-жарган регионалист-трайбалисттердин кылыктарына кыжырданып, 21-кылымда жашап жатсак да орто кылымдардагы аң сезим менен ой жүгүрткөн замандаштарынын деңгээлине көп кейичү. Баарынан да кызыгы ошол эле регионалист-трайбалисттер бет тырмалык кылып, Келдибек Назировду “элди бөлбө” деп асылышканда анын баарын жүрөгүнө жакын кабыл алчу.

Мына ушундай  коомдогу көптөгөн терс көрүнүштөр журналисттин жүрөгү аркылуу өтүп жүрүп, акыры Келдибек Назировду арабыздан оо дүйнөгө алып кетти. Жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торко болсун! Калган жашын балдарына берсин!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: