Menu

Депутаттар тобу Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутаттар тобу судьялардын тартип бузуу жосундарын карай турган Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү демилгесин көтөрүүдө. «Анын курамы 9 адамдан туруп, алар Президенти, Жогорку Кеӊеш, Судьялар кеӊеши тарабынан сунушталат. «Бул комиссия Конституциянын талаптарына ылайык түзүлүүдө. Ал көзкарандысыз орган болуп саналат. Ага саясий партиялардын мүчөсү киргизилбейт», – дейт демилгечилердин бири депутат Максат Сабиров.

Баяндамачынын айтымында, ал үчүн Административдик-процесстик кодекске, Жазык-процесстик кодекске, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө”, “КР Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү милдети турат.

Комиссия мүчөлөрүнүн жалаӊ судьялардан турушун жактаган Жогорку соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашева судьядардын жаӊылыштыгын же терс жосунун судьялардын өзүнөн артык эч ким белбей турганын белгиледи. «Мен комиссиянын курамын жалаӊ судьялардан түзүү сунушун бергемин, бирок колдоо тапкан жок. Ошентсе да, анын басымдуу бөлүгү судьялардан турушу керек», – дейт ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде Тартип комиссиясынын мүчөсү мурдагы кызматынан бошонуп иштегени барса, анда ага маяна төлөнөт. Каржы министрлигинин өкүлү Тартип комиссиясы кошумча чыгымдарга алып келбесин, ал Судьялар кеӊешинин бюджетте каралган каражатынын эсебинен каржылана турганын билдирди. «Судьялар кеӊешине 2017-жылдын бюджетинде 14 млн сом каралган», – дейт ал.

Андан тышкары, Тартип комиссиясынын 9 мүчөдөн турган жалпы курамынын үчтөн эки бөлүгү шайланып калса, ал өз ишин баштай берүүгө мүмкүнчүлүк ала турганы белгилүү болду. Мындай жобого каршылыгын билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова Тартип комиссиясы толук курамы шайлангандан кийин гана иштеши керектигин, ансыз бир катар маселелерде акыйкаттык болбой каларын белгиледи.

Тартип комиссиясы ащыкча түзүм болуп каларын белгилеген депутат Зиядин Жамадинов комиссиянын курамына депутаттарды киргизүү маселесин көтөрдү. Жогорку соттун өкүлү: «Бул маселе тармактык комитетте да козголгон. Сот тутуму өзүнчө бийлик бутагы болуп саналат, ошондуктан анын ишине башка бийлик бутактары кийлигише албайт. Тартип комиссиясынын мүчөлөрү көз карандысыз болушу керек», – деген жообун берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: