Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын тоолуу райондорунда 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачындар күтүлбөйт.
“Кыргызстандын кээ бир аймактарында туман болот. Көлчүлүк аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр болсо, Нарын жана Ысык-Көл облустарында секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн”,-деп билдирди ӨКМ.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ