Menu

Алмаз Мамбетов сыркоолоп, ооруканага жатып калды

Бөлүшүү:

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ушул күндөрү сыркоолоп, баш калаадагы атайын ооруканага жатып калды. Азыр абалы жакшы, жалпы процедуралык эмдөөдөн өтүүдө. Соңку кезде Балыкчы шаарына «Коопсуз шаар» долбоорун киргизип, заманбап ыкмада жаңы долбоорлорду ишке ашырып жатканы парламенттин жыйынына чейин айтылып, алкоого алынып жаткан шаар мэрине көпчүлүктүн көзү тийип кеттиби? Мындай шартта дары менен түркүн уколдорго денесин чылабай, эмчи-домчуларга ырымдатып, киренесин чыгартып алса деле жарашмак. Же шаарда өскөн жигит шамалдуу калаада желге урунуп калдыбы? Неси болсо да сакайып кетишине тилектешпиз! Боорду ача салып, урду-берди күрсүлдөп жүрө бербей, ара-чолодо ден соолукка да кам көрө жүрүш керек да.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: