Menu

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова шаршемби, 21-июнда, Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2017-жылдын майында коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңеш менен ВИЧ/СПИД кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Өлкөлөр аралык координациялык кеңештин ишин бириктирүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

«Жаңы түзүм боюнча мурдагы ВИЧ/СПИД кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Өлкөлөр аралык координациялык кеңеш, жакында эле курамына бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар жана калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнөн турган жаңы курамы бекитилген, Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңеш болуп саналат», – деди ал.

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин жыйынтыгында Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин алдындагы, ВИЧ/СПИД кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Өлкөлөр аралык координациялык кеңештин курамы жана жобосу бекитилди. Ошондой эле 2017-жылдын 4-кварталында  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин негизги алуучу статусу жөнүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө тышкы баа берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: