Menu

Какин Сулайманкуловду кесиптештери жана илим жаатындагы санаалаштары акыркы сапарга узатышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында КРнын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Коштошуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуунун жакындары катышты.

КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Акрам Мадумаров академик Какин Сулайманкуловдун илим жолундагы урунттуу учурларын, жасаган эмгектерин эске алып жатып төмөнкүлөргө токтолду:

–  Атактуу илимпоз, көрүнүктүү инсан Какин Сулайманкуловичтин арабыздан узап кетиши Кыргызстан эли жана илимий коомчулук үчүн оор жоготуу болду. Какин Сулайманкулович химия илими боюнча көрүнүктүү адис, окумуштуу катары баарыбызга белгилүү. Ал БУУнун химиялык коопсуздук боюнча Өкмөт аралык форумунун улуттук координатору болгон жана Кыргызстандын кызыкчылыгын татыктуу коргогон.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев илимпоздун басып өткөн жолу тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

Какин Сулайманкулович 85 жаш курагында дүйнө салды. Ал химия чөйрөсүндөгү залкар окумуштуу. Ишмердүүлүгүндө бардык илимий баскычтарды басып өттү десе болот. Өзүн илимий кадрларды даярдоо боюнча таланттуу тарбиячы катары дагы көрсөтүп, анын жетекчилиги астында 52 кандидаттык жана докторлук диссертация жакталган. Илимге кошкон салымы жогору бааланып, мамлекеттик ардактуу сыйлыктар менен бирге 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. Академиянын жалпы эмгек жамааты окумуштуунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

– “К.Сулайманкулов кыргызга чоочун илимди – химияны багындырды. Анын аталган илимде өчпөс аты калды. Окумуштуунун келбес сапарга узашы, биз үчүн, үй бүлөсү үчүн жанып турган шаардын урашына барабар болууда” – деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

К.Сулайманкулов 1933-жылы Кемин районунун Новороссийка (азыркы Шабдан) айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1953-жылы КМУну артыкчылык менен бүтүрүп, 1958-жылы Ростов мамлекеттик университетинен (Россия) аспирантураны аяктап, илимдин кандидаты наамына ээ болгон. Ата мекендик окумуштуулардын арасынан биринчилерден болуп 34 жашында докторлук диссертациясын жактаган.

Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 600дөн ашык илимий эмгекти, монографияларды, 26 ойлоп табууларды жарыялаган. Жаңы техникада жана медицинада индикатор (детектор) катары колдоно тургандай кристалл фосфорлорун алуунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Ошондой эле өтө таза деп эсептелген  металлдарды алуунун жаңы методун киргизген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: