Menu

Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июнда Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жыйынга райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары,  жана облусттук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. Майрамдык салтанатуу жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозиев катышты.

—   Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү ролу жана мааниси зор экендиги талашсыз. Анткени бул кызмат өлкөгө таза кызмат кылуунун ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жолу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоо – бул мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мекендин кызыкчылыгын коргоо, элдин биримдигин сактоо, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер коомдун интелектуалдуу элитасынын бөлүгү болуу менен,  бийлик менен элдин ортосунда өзүнчө бир көпүрөнүн ролун аткарат. Элдин бийликке карата ишеними жана оң мамилеси анын кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле бийик адамдык сапаттарынан көз каранды,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо баракчаларын жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасын” тапшырды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бүгүнкү кесиптик майрамы менен КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозиев куттуктап, бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгилерин жана “Ардак грамотасын” тапшырды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамынын катышуучуларын КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Анарбай Капаров, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы  өкүлү Рахматулла Козукеев, КРнын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алима Аманова, облустук статистика башкармалыгынын башчысы Жандаралы Садыралиев, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов жана Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеевдер куттукташты.

Майрамдык салатанттуу иш чара Жалал-Абад облусттук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисттеринин кеңири  программадагы концерти менен коштолду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: