Жогорку Кеңештин 21-июндагы жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Анда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилээри жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Мыйзам долбоорун кабыл алууда эл өкүлдөрүнүн ортосунда талаш-тартыш жаралды. Депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорунан “аз камсыз болгон үй-бүлө” деген түшүнүк алынып салынганына нааразы болуп, бардык жарандарга жөлөк пул берүү туура эмес экенин, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гана берүү зарылдыгын айтып чыкты. Бирок Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул өзүнүн максатына жетпегенин, учурда жөлөк пулга муктаж эмес адамдар кандайдыр бир жол менен мамлекеттен жардам катары акча алып жатышканына токтолуп: “Эгерде жөлөк пулдар бардыгына бериле турган болсо, коррупциялык элементтер жоюлат”, – деп билдирди. Мындай жүйөгө депутаттын ичи чыкпай, «Эгер мурун аз камсыз болгон үй-бүлө 3 баласынан 4-5 миң сом алып келген болсо жаңы мыйзамга ылайык 1 жарым миң сом алып калат, – деп белгилеп, – жөлөк пулду баарына беребиз деп жарды үй-бүлөлөрдүн ырыскысын кыркуу адилетсиздик болот” – деп чыркырады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ