Menu

Фото – Активист Алтын Капалова кечээки аялдар маршында милиция тарабынан сабалганын айтып чыкты

Бөлүшүү:

Активист, жазуучу Алтын Капалова кечээки аялдардын маршында милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айтты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал 8-март күнү милицияга кызматкерлери тарабынан сабалып, жаракат алганын жазган. 3 саат укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан психологиялык басым болгонун белгилеп, 1 саат ооруканада болуп, көкүрөгүн жана колун рентгенден тарттырганын айткан.

Ал айта турган сөзү көп экенин билдирип, бирок сол колунан жаракат алгандан улам эң башкысын гана айткан.

“Бардык видеолордо бизге кол салгандары көрүнүп турат. Бирок, бизди гана кармашты. Кылмышкерлерди кармашкан жок. Милиция зөөкүрлөргө толгон. Ал жак эң кооптуу жер. Бул өлкөнү кылмышкерлер башкарат. Мени өлтүрүп же камап коюшса таң калбайм” – деп жазган Алтын Капалова.

Ал рентгендин жана дарыгердин аныктамасынын сүрөтүн жарыялып, жаракат алгандын себеби милиция тарабынан сабалганын белгилеген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: