Menu

ЖЭБги авария. Жабырлануучулар талап кылып жаткан компенсациясынын суммасын кайдан чыкканын түшүндүрө албай коюшту

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги авария боюнча УКМК тарабынан козголгон 4 кылмыш ишинин биринчиси боюнча соттук отурум уланууда.

Айыпталуучулар отургучунда Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев жана энергетика тармагынын мурунку 7 топ-менеджерлери бар. Аларга коррупция боюнча айып тагылган.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу тарап суракка алынды. Алар катары “Электр тармактары” ААК жана “Бишкек жылуулук тармагы” ААК табылган. Өз билдирүүсүндө аларга айыпталуучулар компенсация төлөп берүүгө милдеттүү экенин айтышкан. “Электр тармактары” 8 миллион 226 миң сом, ал эми “Бишкек жылуулук тармагы” 80 миллион 812 миң сом талап кылышууда. Бирок аталган сумманын кайдан чыкканын компаниялардын юристтери түшүндүрө алышкан эмес.

Жыйынтыгында, соттун төрагасы Эмил Кайыпов суракты токтотуп, жооп берүүчү тарапты жакшылап даярдануусун өтүнгөн. Кийинки отурум 20-ноябрда болот.

Эске салсак, ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга бир катар аткаминерлер айыпталган, алардын ичинде мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков бар.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: