Menu

Отунбаеванын “орошон” жүрүштөрү

Бөлүшүү:

Жетимиштен эбак ашканына карабай желип-жортуп саясий иштерге маани берген апчебиздин таягынын учу каерди барып саярына саресеп салгандар ого эле көп. Тилекке каршы кээ бир ээрчимелеринен башка караанды жолуктура албайсың. Бирок, эптеп бир балээ чыгара салууну көздөгөн маалымат каражаттары дале болсо Роза Отунбаеванын “прогнозуна” сугун бекер жерден артпайт чыгар? Мунун себептери аз болсо да бар.

Айрыкча кеткен ажонун артынан чымчып сүйлөгөнгө эмне үчүн куштар экени жалпыга маалым. 2016-жылдын 31-августунда Алмазбек Атамбаев “импичмент” кылууга кадам таштагандардын башына ушул апчебизди кадап туруп жетер жерине жеткирген. Ошондо трибунадан эптеп басып кеткени тасмага түшүп тарыхта калды дегенге негиз бар. Анткени бир күн мурда президентке каршы токулган кошулма топтун Кайрылуусу жамырап кеткени белгилүү. Эгерде ошондо булардын мизин кайтарбаса өлкө башчынын өзүн сызга отургузушмак.

Акыркы кезде кир сууга азыркы ажону да чылап туруп элге жек көрүндү кылууга жанын карч уруп жатат. Эмнеге күнөөсүз отурган Өмүрбек Текебаевди чыгарууга ниетин бурбай жатат деген омоктуу суроонун жандырмагын бат чечүүгө Сооронбай Жээнбековду түртмөктөйт. Азыр Атамбаевдин буга таптакыр тиешеси жок. Өлкөнү бир жарым жылдан бери учурдагы ажо башкарууда, демек ушул киши маселени оң жолго салуусу жөндүү деп чебелектейт. Эми мунун жообу деле маалым эмеспи? Ким эле кырдаал курч убакта аны ого бетер күчөтүүнү көздөсүн? Айтор, Отунбаеванын “орошон” ойлорунан кандай жыйынтык чыгарын көрө жатарбыз? Мунун айкындыгы балким 23-апрелде сезилеттир?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: