Шымкент шаарындагы мунай сактоо жайында өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен кабарлашты. Маалыматка караганда, өрт «ПетроКазакстан Ойл Продактс» ишканасынын аймагында эртең мененки саат сегиздерде чыккан.
Департаменттин басма сөз катчысы Зарипа Турлыбекова кырсык болгон жерге атайын поезд жөнөтүлүп, 200гө жакын киши тартылганын айтты. Ал учурда өрт өчүрүлө электигин кошумчалады.
«Окуя болгон жерде алган жарааттарынан улам ишкананын 46 жаштагы кызматкери каза болду. Өрт мунай резервуарынан чыккан. Анда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин запасы болгон», — деди Зарипа Турлыбекова.
Департаменттин маалыматына караганда, учурда жалындын коңшу резервуарларга жайылып кетүү коркунучу бар. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ