Туӊгуч окуу жайыбыз болгон Кыргыз Улуттук Университетинде акыркы жылдары ректорлук жаатындагы чыр-чатактар, кайра шайлоо, окутуучулук курамдын жаатташуусу өӊдүү “сериалдардын” аягы тыйылбай келген. Мындай башкаруучулук интриганын “ити чөп жей” баштагандыгынан улам аталган окуу жайдын да рейтинги өз салмагын жоготуп, билим берүү сапаты да аксаган эле. Айтор бул окуу жайды ар ким өз билгениндей башкаргысы келишкен. Айрымдары ар кандай жомок айтышса, айрымдары алкымдарын араандай ачып, коррупцияга да аралашып жиберишкен. Кыскасы атына жакшы эле көө жабышкан эле. Эми бул “күжү-күжүгө” чекит коюлат өӊдүү. Дегеним, туӊгуч билим борборубузга татыктуу жетекчи тандалды. Тааныйсыздар, мурунку билим берүү министри Канат Садыков улуттук университетке ректор болуп келди. Ишенич арткандар арбын, ийгилик каалайлы…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ