Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен ушул үстүңө жугунду куйган сынчылардын айынан бул жылдары ден соолугумду өтө көп бузуп алдым”

Бөлүшүү:

“Кыргызстанда жакшыны көрбөгөн, жаманды гана көргөн сынчы кишилер өтө көп, бул өлкө үчүн өтө чоң балээ”, – деп билдирди журналисттерге Алмаз Атамбаев 24-июнда, Казан шаарында Россияга болгон сапарын аяктап жатып. Бул тууралу akipress маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Биз Евразиялык экономикалык союзга кирип жатканда эмне деп гана сындашпады. Эми карагылачы, товар жүгүртүү 23%га өстү. Эмгек мигранттары бизге рекорддук суммадагы акчаларды которуп жатышат. Алардын иштөө шарттары жеңилдеди. Мен эмгек мигранттары менен 2012-жылы жолуккамын, эми азыр, 2017-жылы жолуксам, айрымасы асман менен жердей! Биз ЕАЭБге жеңил-желпи кириш үчүн эле 800 миллион доллар акча алдык. Кыргызстандан башка кайсы мамлекетке ушундай жеңилдиктерди беришти?” – деди Атамбаев.

“Чынын айтсам ал сынчылардын дооматтары менин ден соолугума чоң сокку урду. Биздин өлкөнүн эң башкы көйгөйү эмне? Кыргызстанда жакшыны көрбөгөн, жаманды гана көргөн сынчы кишилер өтө көп, бул өлкө үчүн өтө чоң балээ.  Бул президент үчүн өтө оор болот экен. Бул жылдары мен ден соолугумду өтө көп бузуп алдым. Бул өтө оор экен. Үстүңө жугунду куймай, жугунду, жугунду. Башка өлкөлөрдү карасаң  суктанасын, такыр башкача мамилелер”, – деди Алмаз Атамбаев.

“Ысык-Көлдөгү ипподромду курууга 30 миллион доллар жумшап койсом канча сындашты? Карагылачы, Казакстанда “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүн курууга 3,5 миллиард доллар сарпташыптыр, бирок, казактар өздөрү жана журналисттери ал көргөзмөнүн курулганына сыймыктанышып колдошот экен.  Биз элди ойлошубуз керек, элде үмүт отун жандырып туруш зарыл. Эгер адам бир нерсеге ишенсе ал керек болсо рак оруусун да жеңет. А эгер анын үмүтүн тепселеп, койгулап, өчүрө берсе эмне болот…”, – деди ал.

“Келечекте мен журналисттер жаңы президентти, жаңы премер-министрди колдошуп жардам берет деп ишенем, бирок жаңы президент менен жаңы президент мага окшоп ысык-суука бышкан эрки күчтүү болобу… “, – деди Алмаз Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: