2017-жылдын 22-июнунда КР МУКК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстанга ири көлөмдөгү алтын жана баалуу металлдарды алып кирүү аракетин көргөн КР жараны «У.И.» кармалды. Бул туурасында МУККнын басма сөз кызматы билдирет.
КР каржы министрлигине караштуу баалуу металлдар Департаменти өткөргөн экспертизага ылайык кармалган, жалпы салмагы 12 кг 368,48 грамм зер буюмдар 585 үлгүсүндөгү алтын жана баалуу таштар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча табылган зер буюмдардын базар баасы 27 миллион сомдон ашык турат.
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсептөөлөрү боюнча жогорудагы товарларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөр 5 миллион 200 миң 045 сомду түзмөк.
Бул факты боюнча КР МУКК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 304-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча «У.И» жана «Манас» бажысынын кызматтык адамдарына карата кылмыш иши козголду.
Кармалган «У.И.» МУКК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ