Улуттук Илимдер академиясында 29-июнда саат 10:00дө “Ч.Өмүралиевдин монографияларындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маселелери” аталышындагы илимий-практикалык конференциясы өтөт. Бул туурасында Илимдер Академиясынан билдиришти.
Иш-чара окумуштуунун “Теңирчилик. Коом-Мамлекет” жана “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең” деген эмгектеринин негизинде өтөт. Конференцияга философтор, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, коомдук ишмерлер жана башка илим тармагында эмгектенгендер катышып, Ч.Өмүралиевдин илимий эмгектерине байланышкан докладдарын окушат.
Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту уюштурууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ