Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 29-июнда өткөн парламент жыйынынын соӊунда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин экинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялады. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы кыргыз парламенти экинчи сессия жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Ал кыйла натыйжалуу иштегени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт.
Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, депутаттар бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ