Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев жакында боло турчу президенттик шайлоодо «Ак шумкар» партиясына, тагыраагы Темир Сариевге жан тартып иштеп бере баштады. Эмне себептен СДПКга иштеген жок? Же Сооронбай Жээнбековду теңине албайбы? Атамбаевдин бийлиги Жантөрөнүн көчүгүн жакшы эле жаап келди эле го. Ошто Мамдирекцияны жетектеп тургандагы алешемдиктерин жаап-жашырышпады беле. Атамбаевдин партиясы көрсөткөн талапкерди колдобой Сариевди колдоп жатканына караганда бир мандем бар го. Ортодо пикир келишпестиктер болгон чыгаар балким.
Айтор, жакын арада Сатыбалдиевге Мамдирекция боюнча козголгон иштери жанданып калбаса эле болгону.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ