Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён адам укуктарынын ырааттуу бузулушу жөнүнүндөгү маалыматты четке какты.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 12-январда Тажикстанда адам укуктарына байланыштуу абал кескин начарлап кеткенин баяндаган. Уюм саясий атаандаштарга каршы чыгарылган өкүмдөрдү, укук коргоочуларды камаган көрүнүштөрдү эске салган.
Анын айтымында, өлкөдө адам укуктары бузулган жок. “Баш мыйзам гуманитардык баалуулуктарга негизделген, биз адам укуктарынын сакталышы үчүн болгон аракетти жумшайбыз”,-деди ал.
Жогорку Соттун башчысы муну менен катар белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун жаза мөөнөтү 26 жылга чейин узартылды деген маалыматты четке какты. Ал укук коргоочунун соттук жараяны уланып жатканын, мындан улам 3 жыл кошумча жаза чегерилгенин айтуу эрте экенин билдирди.
2016-жылы октябрда адвокат Бузургмехр Ёров 23 жылга эркинен ажыратылган. Бирок сотко жана мамлекеттик айыптоочуга акарат келтирди деген жүйө менен ага карата жаңы иш ачылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ