Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев Кыргызстан менен Америка ортосундагы аскердик кызматташтыкты активдештирүүгө кыргыз тарап даяр экендигин бүгүн, 19-ноябрда АКШнын элчиси Дональд Лу менен өткөн жолугушууда билдирген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Раимберди Дүйшөнбиев Дональд Луну аталган жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын Америка менен аскердик тармагындагы кызматташуусу эки өлкө ортосундагы мамилелерде чоң маанигее ээ экендигин билдирди.
“Америка менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптык аскердик байланыштар кыргыз аскерлеринин атайын курстарда билим алуусу, БУУнун тынчтык орнотуу боюнча иштеринин алкагында 2-деңгээлдеги бейтапканаларды даярдоодо жардам көрсөтүүсү, кыргыз аскер кызматкерлеринин “IMET” программалар аркылуу кесипкөйлүгүн жогорулатуусу аркылуу өнүгүүдө,” – деп билдирген Раимберди Дүйшөнбиев.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ