Menu

“Ишенген кожо” Дастан Догоев сууга акты

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура «Инфоком» эч бир себепсиз 56,5 миллионго товар сатып алганын маалым кылды. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, «Типография № 2» ишканасы менен түзүлгөн келишимдин наркы 1 миллион 954 миң россиянын рубли болуп көрсөтүлгөндүгүнө карабай, 58 миллион 846 миң рублга жабдуу жана ага керектүү буюмдар сатылып алынган. Аны менен мамлекеттик каттоо кызматы «Мамлекеттик сатып алуулар» жөнүндөгү мыйзамды бузган. Ал эми УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткараевдин айтымында, ID-карталардын наркы өздүк баасынан бир топко кымбат аныкталган.

Эң эле кызыгы, аталган ишкананы жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган Дастан Догоев көзөмөлдөп келген. Ал кезде Догоев Тайырбек Сарпашевдин орун басары кызматын аракалап турган. Орун басар учурунда эле минтип ишти ойрондотсо, эми таза сызга отургузбайбы деген шектенүү жаралды. “Карышкырга кой кайтартып” деген макал ушундайдан улам айтылган көрүнөт..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: