Menu

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы «Жогорку Ак-Күп» каналынын долбоору менен таанышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл окгурунда жайгашкан Бөксө участкасындагы «Жогорку  Ак-Күп»  каналынын долбоору менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган каналдын курулушу боюнча долбоор 2012-жылы иштелип чыккан. Каналдын курулуш иштерин 2019-2023-жылдарга бүткөрүү пландалууда.

Ал Өкмөт башчысын каналдын жээгинде жайгашкан сугат жерлеринин схемасы менен тааныштырып, курулуш иштери эки этапта өтөөрүн билдирди. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен бирге биринчи этабында 3 миң гектарга чейин, ал эми экинчи этабында 1,5-2 миң гектарга чейин сугат  аянттары кеңейерин билдирди.

«Тогуз-Торо району сугат сууларына эң көп муктаж болгон республикадагы бийик тоолуу райондордун бири. Аталган каналдын курулушу 2017-2026-жылдарда Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасына кирген. Бүгүнкү күндө эл аралык финансылык институттар менен аталган каналга инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун сметалык наркы 300 млн сом. Гидротехникалык жабдуулар менен бирге каналдын жалпы узундугу 12,91 км», -деди Көкүмбек Таштаналиев.

Премьер-министр башталган ишти жеке көзөмөлүнө алып, донорлор менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал аймактарда ирригациялык системаларды жакшыртуу, айдоо аянттарын кеңейтерин, ички миграция агымын кыскартып, кошумча жумуш орундарын түзөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Респаубликасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда – бүгүн, 30-июнда, ал Нарын жана Жалал-Абад облустарында болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: