Menu

Чыныбай Турсунбековдун басма сөз жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун VI чакырылыштагы парламенттин II сессиясынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өттү.  Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирет.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков мыйзам чыгаруу органынын ишинин жыйынтыгы тууралуу учкай маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна да жооп берди. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу берилген суроого пикирин билдирип, мындай мүмкүнчүлүктү четке какпай тургандыгын маалымдады.

Андан тышкары, депутаттар арасындагы тартип маселесине да токтолгон Төрага, бири-бири үчүн добуш берген жана тармактык комитеттердин жыйындарына катышпаган  эл өкүлдөрүнө айып пул салуу системасын киргизүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков Россия Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын Төрагасы В.Володинди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө өзү чакырганын эске салды. Тар жана кеӊейтилген чөйрөдөгү парламент жетекчилеринин жолугушуусунда бир катар олуттуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, айрыкча Россиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” кыргызстандык мигранттарды чыгаруу, товарларды ташууну жөнгө салуу, ХАССП сертификатын алуу жана эки өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйындарын өткөрүү тууралуу маселелер талкууланганын билдирди.

Мындан сырткары, басма сөз жыйынынын алкагында ЖМК өкүлдөрү парламенттин мыйзам чыгаруу жана эл аралык ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолоруна да жооп алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: