Menu

Кыргызстан кембагал өлкө болгонбу?

Бөлүшүү:

Берилген суроого түз эле жооп береличи анда эмесе. Негизи кыргыз өлкөсү чын эле биротоло итке отуруп калган жакыр мамлекет беле илгери? Ошол тунгуч президентибиз Аскар Акаев антын берип ишке киришкен кезде биздин жашоо кандай өңүттө болгон? Ооба, союздун ырыскысынан кур калган соң карапайым эл кыйналып өмүрүн өткөргөнү калп эмес болчу. Керек болсо ошол токсонунчу жылдардын аягына чейин загара нан жеп калганыбызды унута элекпиз. Кайран совет өлкөсүнүн байгер заманы деп улуу муундагылардын кейигенин укканбыз. Ошол кездеги СССРдеги КППСС Борбордук Комитетинин генералдык секретары Леонид Ильич Брежневдин “Нан болсо ыр да болот” деген философиялык мааниде таамай айтылган сөзү ар дайым көрүнүктүү жерге илинип, жүрөктөрдө уялап турганы да ырас. Көрсө жокчулукту, Согушту, ачарчылыкты башынан кечирген журт башчы нандын кадырын билгендиктен өзгөчө орунга бекер жерден койгон эмес турбайбы! Бир сындырым нанга муктаждык жаралса ат башындай алтынды берүүдөн кайра тартпайсың. Алтыны жок жашасаң болот,а нансыз турмуш өткөрүү мүмкүн эмес. Курсакты жамай албайсың,чиркин!

Эми сөздүн кезегин өзүбүз тарапка буралы. Жакшылап акыл калчап турмушубузга сүңгүп кирсек кембагал өлкө болбоптурбуз. Элдин байлыгын бир ууч кузгундар эле жемсөөсүнө толтуруп качып кетип калышыптыр. Маселен биринчи ажо Аскар Акаев өлкөдөн безип кеткенде элдин ырыскысын бөктөрүнүп кеткен үчүн калкыбыз кур жалак калыптыр да? Айдар,анын достору,бүтүндөй Акаевчилер азыр кандай сыпатта жашап жатышат? Албетте, “кеминизм” доорун алар өмүр бою сүрүшөөрү калетсиз. Анткени казынасы каражатка толгон үчүн жетиштүү түрдө оокатын жасашканы белгилүү да. Москванын борборунда ресторандары, элитный соода дүкөндөрү, тейлөө тармактары бар экендигин кантип жашырабыз? Алар мындай сан жеткис байлыкты качан кол жоорутуп, бел оорутуп тапты эле? Казинодон башы чыкпаган Айдар бир түндө миллион долларын уттурганы боюнча аңыз кеп жөн жерден айтылбаса керек да? Айрым маалыматтарга таянсак бул кландын эпчилдери кыргызстандагы алтынга бай Кумтөрдү соолутуп, 2 миллиард долларга зыян кылышыптыр. Бул деген абдан зор өлчөмдөгү каражат экендигин танууга болбостур?

Шордуу кыргыз элинин үмүтүн экинчи ирет президент болуп келгени да актай албады. Курманбек Бакиевдин “шайкалары” жогорудагы баса көрсөтүлгөн көлөмдөгүдөн эки эсе көп каражатты артынып алып өлкөдөн зуу койду. Болгондо да мамлекетти ойрондотуп, бүлүндүрүп кетишти. Ошолордун азыркы жашоосу жомоктой болбосо да ошого окшошуп жатканын барып кабар алып келгендер кысынбай эле шардана кылып жүрүшпөйбү? Эгерде тешилген тепшиге отуруп калышкан болсо бири да ат арытып аларга бармак эмес. Негизи биз ошондой мүнөзгө ээ экенибизди неге танмак элек? Колунда майлуу токочу бар үчүн көккө чыгара мактап жибермейлер болуп жатпайбы? Минскидегилер,Алма-Атадагылар эч кандай жокчулукту жон териси менен сезишкен жок. Оромпой тээп алган кээ бир “жактоочулар” азыр да башкача “хиттерди” жаратууга кусадар. Ал тургай айрым учурда эски заманына кайрылышып, узун сабак кеп кылышат,чунактар. Эмнеси болсо да кайра мурдагы бийин бийлөөгө ынтызар болгондордун тобу күдөрүн үзгүсү жок,аттиң. Ошентсе да мекенге болгон кусалык башкача касиетке татыктуу экенин тигилер жон териси аркылуу сезет.

Эгерде чет жактардан тартылып келген инвестициялар, кредиттер өз дарегине жеткенде биз өнүгүп,өскөн, нуру төгүлгөн өлкөгө айланмак экенбиз. Бийлик башына келген ууру,кескилер, тойбостор, тумшугу биротоло жез болуп калгандар элдин ырыскысына беш салаасын салып, өзүнүн ашказанына уруп салганын түштөн кийин билип жатпайлыбы,кокуй. Бийликтин жоон бутактарына отуруп алып тас жорудай,балта жутарга окшоп карапайым калктын берекесине кесепетин тийгизишкени ачыкталбадыбы? Суу кечип безип кеткен Аскарбек Шадиевдин эле 500 миллион доллары килтейген ТЭЦти эч кимден жалдырап карыз сурабай салууга жарамак. Ал эми 386 миллион доллар үчүн канчалаган лөктөрдүн ашмалтайы чыгып жатат? Канчасынын тагдырына эми балта чабылат дейсиң? Көзү байлыкка тойбогон Аскар Шадиев болсо Америкада жүрөт колуңардан эмне келет эле дегенсип? Дагы бир көпөс Раим Матраимов тууралуу не деген жөө жомоктор айтылса да кылы кыйшайган жок. Тескерисинче ал иштен бошоткондордон өч алуунун амалында болгону эч кимди таң калтырбады. Себеби, байлар кандай айтса да эп көрүнөт,туурабы? Алардын кыймылсыз мүлктөрү сан жеткис экенин коомчулук билди,антсе да бир тал чачы түшпөйт. Керектүү адамды бапестеп багып алууга милдеттүүбүзбү?

Эки көпөс тууралуу ушунча кеп болгон соң калган олигархтарга токтолуунун кажети барбы? Бар окшойт. Маселен Камчыбек Жолдошбаевдин хан ордосунун таржымалын мурда ким билди эле? Эч ким. Демек, кытайлык карыздан кутулуунун анык жолу табыла баштаганы чынбы? Чын. Негедир өткөндө бул депутат өзү мындай деп сунуш киргизген:-“Эми уй сааган, мал багып оокат кылгандардын терисин сыйрысак да эчтемке өнбөйт. Келгиле өзүбүз карыздан кутулууга кол-кабыш кылалы”-деп парталаштарын үндөгөн. Мунусунда айып жок,азамат Камчыке. Эми өзүңүз баш жакта туруп, карыздан кутултуунун демилгечиси болуп бериңиз? Баары бир мурдунан илинген кишини өкмөттүн укуругу оңой менен кое бербейт. Парламентте курсагын чердейтип отургандар ушул саамалыктын өзөгүндө туруп беришсе адилеттүүлүгүн айгинелешкен болмок. Коррупцияга анча-мынча тиешеси барлар мындай демилге көтөрүлсө өздөрү эле акырын жылып келип каражатын эсепке салууга умтулмак.

Негизи биз жакыр өлкө эмес экенбиз. Мамлекеттин байлыгын Искак Пирматовго,Акылбек Жапаровго, Чыныбай Турсунбековго окшогон азгантай куу чирендер кучагына имерип алышыптыр. Ошолор эле козголуп жиберишсе “маарап” эле байлыктар жамырап чыгаарында шек жок. Шибеге менен жамбашка сайгылап койсок эле эгиздеп,сегиздеп башка байлар “төл” бере башташат. Качкандардан бир сом да өндүрө албайбыз. Артынан барган оперлер бирдемкесин өндүрүп шанаңдап жетип келшээри турган иш. Убара болуп андайларды жөнөтпөй койгонубуз туура. Андан көрө арабызда салабаттуу басып жүргөн байларды эле эпке келтирип саай береличи. Сел алып кеткен көпүрөлөрдү, жолдорду, чала бүткөн мектептерди, бала-бакчаларды, карылар үйлөрүн көпөстөрдүн эсебинен кура,оңдой берели. Таза суу чыгаралы, спорттук комплекстерди куралы.Укмуш кабатталган манаптардын турак-жайларын болсо зарылчылык жаралган социалдык багыттарга колдонсок неге болбосун? Айтор, биз бакубат жашоого, теңчиликте оокат кылууга акылуубуз. Бай,кедей дегенди жойбосок, баягы каймагын шыпырып жеп көнүп калгандардын жоругуна чекит кое албайбыз. Кудай деген күндү баарына тегиз тийгизген соң эмне үчүн бирибиз ток, экинчибиз кезерип ачка жүрүшүбүз керек? Бул деген акыйкаттыкка жатпайт. Өң-келбетибиз,салмагыбыз, жашоо-ченемибиз башка болгону менен каныбыз бирдей,кызыл түстө туурабы! Анда эмнеге байларга көз каранды болуп,бөйпөңдөп жашашыбыз керек? Акыл калчап, тең укукта оокатыбызды кылбасак кор болорубуз айдан ачык. Келгиле,теңчиликке жетүүгө жабыла күрөш жүргүзөлү! Кыргызстан жалпыбыздын мекенибиз, ырыскылуу очогубуз!

Жора Сулайманов

Фейсбук баракчасынан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: