Menu

Салыктык эмес кирешелер боюнча укук актыларын бир кодекске топтоштуруу демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште өлкөнүн каржы саясатын заман талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул турасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам азыркы учурдун талабына жооп бербей калган, ошондон улам салыктык эмес кирешелерге байланыштуу мыйзамдарды бир кодекске топтоо зарылдыгы келип чыккан. Ошону менен бирге, улуттук мыйзамдарды былтыр кабыл алынган Бюджет кодексине шайкеш келтирүү милдети да турат.

Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт.

Иштеп жаткан мыйзамдарда салыктык эмес кирешелердин 60 түрү бар болсо, анын айрым түрлөрү кыскартылуу менен, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин долбоорунда кирешенин 42 түрү камтылганы белгилүү болду.

Ошондой эле, салыктык эмес кирешелерди башкаруу чараларын андан ары өркүндөтүү зарылдыгы да эске алынды. Төлөнбөй келген салыктык эмес кирешелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү – 6 жыл. КР Бюджет кодексинде да ушундай эле мөөнөт белгиленген.

КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин долбоорун иштеп чыгуу Өкмөттүн акыркы мезгилдеги жакшы демилгелеринин бири катары баалаган депутат Акылбек Жапаров анын өлкөнүн каржы саясатында өз орду бар экенин, мурда чачкын болуп келген ченемдик укук актыларынын бир кодекске топтоштурулушу кыйла ыӊгайлуу болорун белгилеп, эл өкүлдөрүн мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, улуттук мыйзамдарга ылайык, мамлекеттин салыктык эмес кирешелерине салыктар, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган мамлекеттик бюджеттин кирешелери таандык.

2012-2016-жылдар аралыгында мамлекеттин салыктык эмес кирешесинин жалпы көлөмү 1,5 эсеге жакын өскөн. Башкача айтканда, салыктык эмес кирешелер 17,3 млрд сомдон 26,8 млрд сомго жетип, мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн 20,5 пайызын түзөт.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: