Menu

Оштогу Иптар базар жабылат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы жолдун жээгин бойлото жайланышкан чакан Иптар базарда санитардык талаптар дегеле сакталган эмес! Мындан тышкары күн сайын кечинде ал аймакта баш аламандыктар көп болуп жатат.

Санитария-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы күнүмдүк тамак-аш ачык жерде, жол боюнда эле сатылып жатканына нааразы. Анткени, Иптар базар жайгашкан жер санитардык жана гигиеналык талаптарга дээрлик жооп бербейт. Анткени, тез бузулуучу тамак-ашты урунган жарандар ооруп калышы даты толук ыктымал! Мындай конгуроону Ош шаардык санэпид көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Сейиткасым Курбаназаров катуу кагып жаткан чагы.

Баса, аталган кызмат Рамазан айы башталганга дейре жарандар арасында түшүндүрүү жараянын байма-бай жүргүзгөн. Тилекке каршы, мындан оң жыйынтык чыккан жок! Ошондуктан, Ош шаардык санитария-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы эки кундөн бери атайын рейд уюштуруп жатат. Эми адистердин атайын эскертүүсүнө таптакыр кулак салбагандарга айып пул салынат.

– Иптар базарда ээнбаштык кылгандарга 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып пул салабыз. Мындан тышкары кварталдык комитеттердин төрагаларына, аймактык Кенеш жетекчилерине дагы айып салынат. Себеби, биз буга дейре баарына бир-бирден жолугуп, бизге тиешелүү иш-чараларды бүт уюштурганбыз!- деп тызылдады Ош шаардык санэпид көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Сейиткасым Курбаназаров.- Өзү Ош шаарындагы 8-март көчөсүндө жайланышкан Иптар базарга шаар бийлиги уруксат берген эмес. Андыктан, алар дагы бул жайдын ишмердүүлүгүн таптакыр мыйзамсыз деп эсептешет.

– Адамдардын ээнбаштык кылып, Иптар базарга чыгышканы мыйзамсыз! Буларга эч ким уруксат дагы берген эмес. Өздөрү эле үч-төрт жылдан бери базар кылып жатышат. Бирок, былтыркыга салыштырмалуу быйыл буерге чыккандар аз!- деди Ош шаарындагы Сулайман-Тоо аймактык Кенешинин төрагасы Мажит Эрбабаев.

Айтмакчы, Ош шаарында Рамазан айында гана иштечү 3 кичи базар бар. Алардын баары жол жээгинде жайгашып, күнүмдүк тамак-аштар, шириндиктер байма-бай сатылат. Үч жылдан бери иштеп жаткан бул базарларга азырынча жарандардан арыз-даттануулар түшө элек. Иптар базар бир айлык мөөнөттө гана иш алып барып, күн сайын кечинде 2-3 саат гана иштейт.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: