Menu

Казакстан 50дөн ашуун тажикстандык мигрантты депортациялоо чечимин кабыл алган

Бөлүшүү:

Казак-өзбек чек арасындагы “Жибек Жолы” бекетинен өтө албай жаткан 50дөн ашуун тажик мигранты казак бийлиги аларды депортациялоо жөнүндө чечим кабыл алганын билдиришти. Тажикстандын Казакстандагы элчилиги бул тууралуу кабардар эмес.

“Жибек Жолы” чек ара көзөмөл өткөрмө бекетинде 178 тажикстандык мигрант турат. Алардын 50дөн ашууну казак сотунун чечими менен депортация болгон. Айрым мигранттар “Озодиге” үч күн ичинде Казакстан аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган сот чечиминин көчүрмөсүн жиберишкен. Алардын айтымында, чечим аткарылбаса, жоопкерчиликке тартылышат.

Буга чейин казак бийлиги пандемия маалында – 10-июлга чейин өлкөдө жүрүү мөөнөтү бүткөн чет өлкөлүктөр депортацияланбай турганын маалымдаган.

Тажикстандын Казакстандагы элчилиги аларга эч ким жардам сурап кайрылбаганын кабарлады.

Дипломатиялык өкүлчүлүк пандемия маалында Казакстанда бир дагы тажикстандык жаран кармалбаганын кошумчалады. Элчилик мөөнөтү аяктаган мигранттар казак-өзбек чек аралары ачылганга чейин Казакстанда жүрө алышарын айтты.

Ай башында Тажикстан казак-өзбек чек арасынан өтө албай турган 237 жаранын алып чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: