Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Атамбаев, оппозицияны өзүндөй көрүп революциядан чочубашы керек”

Бөлүшүү:

Алгачкы Алмаз Атамбаев президенттикке аттанганда “арыктан сүт агызам, майлуу жээкте” жашайсыңар деп форумдун алдынан убадасын бергенде кол чаап ийгенибиз чындык. Кээ бир шектүү кадамдарына анчалык деле деле маани бербей, алдыдагы Бакиевди бийликтен кулатуу максатты ашырганга умтулган элек. 2005-жылкы революциядан кийин Атамбаев өнөр жай министри боло калып, иштей албай калганын көзү жетип, жөн кетпей Бакиевди жамандаганда биз ишенип иштин көзүн билген жаратман экен деп ойдо калганбыз. “Бакиев таптакыр иштин көзүн билбеген алдамчы экен, жөн эле үй бүлө болуп уурулук кылганга бийликке келиптир”, десе биз кош колдоп урматтаганбыз. Ал убакта Атамбаев калпычы экенин билген эмеспиз.  2006-жылы кеч күздө реформа деп оппозиция күчтөрү, чон митинг уюштуруп Бакиевди конститутцияны өзгөртүүгө мажбур кылганга колдогон элек. Конститутция өзгөргөндөн кийин, убактылуу болсо дагы, жеңишке жеткенибизге сүйүнгөнбүз. Кийин 2007-жылы апрель айлаларында Ф. Кулов “Элдик фронт” кайра чоң митинг уюштурганда, оппозициянын ичинен бир далай саткын саясатчылар пайда болгон, Бабанов, Эшимканов, Карыбеков тымызын Бакиевдин бийлигине өтүп Бакиевди аябай макташып оппозицияны жамандаган эле. Ошондо Атамбаев алардан ашып, тымызын өзүнчө Бакиев менен сөз таап ийгиликке жеткен, жаңы эле премьер министр К. Исаевдин ордуна бара калып, элди Ала -Тоо аянтынан “бараны” деп кууп чыккан эле. Кийин арактан колу бошобой “запой” болду деп же дагы өзү орулуу неме, айтор ууланды деп Турцияга барып, айыгып келди. Ошо кездеги Бакиев, Атамбаевдин жүзүн элге көргөзүш үчүн кошоматчы экенин далил катыры, орден берип, эч бир капарсыз Атамбаев жан талаша кошомат кылып “Сиз президент болооруңузду мен билгем, сизден башка президенттикке эч ким татыктуу эмес” деп сүйлөгөнүн сөзүн КТР аркылуу берилгенди, биз унута элекбиз. Бакиев орден берип Атамбаев мактагандан кийин ошол замат Ак үйдөн кууп жиберген, байкуш Атамбаев бир далай эсине келе албай жүргөн эле. Тагдырдын тамашасы Атамбаев акыры жеңишке жетип, бийликке келгенден кийин, Бакиевди шатыратып сөгүп, мокуну калганча жамандап келүүдө. Эгерде Атамбаевдин акчасы жок болгондо саясый өлүк бойдон калмак эле. Ошо мезгилде Атамбаевдин тагдырына, Текебаев акчасына карап колдоо көргөзүп, тагдырына чон роль ойногон. Атамбаевда бардык шартты бар экен, акчасы, көп бөлмөлүү офиси, зал, бекер тамактанууга “столовый” ачып койгон, транспорт менен камсыз болгондуктан, “ставканы” Атамбаевге коёбуз деп, Атамбаевдин туусун көтөрүп калган элек..

Ошол эле Атамбаев кийин өзүнүн айткандарын унутуп Бакиев – Куловду ашатып сөгүп, Бакиевди мен президент катары көрбөйм деп айтып жүрөт. Чындыгында Бакиевдин бийлигин кулатуу учун, оппозиция эмне деген айла амал, кадамдарга барды эле. Пикет, митинг, жөө жүрүш, ачкачылык жарыялап, ар кайсы механизмдерди чыгарып отуруп, акыры жарандык пикир түзүлгөн болчу. Ошо амал, кыймылдарды уюштуруп, Ысык-Көлгө курултай, наразы жөө жүруштү. Атамбаев өз жанынан каржылаганын унутуп калдыбы, ошондогу информатикалык талаада берилген материалдардын кызыгы, азыркы Атамбаевдин доору сүрүп жатса деле коёндой окшош материалдар кетип жатат. Себеби мамлекеттик башкаруу системасы ошо бойдон калды, баягы эле уурулук жол менен келетат, керек болсо мурункудан аша чапты. Атамбаев мамлекетти демократиянын негизинде тең салмактуу бийлик орнотуп, өлкөнү кризистен алып чыгабыз дегенде, Атамбаевди күн менен айга теңеп ийип, ишенүү артык эле. Билегибизди түйүп Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөнбүз. Акаев – Бакиевдин бийлигинен  көрдүк, куугунтук, коркунуч жашоону жеке башыбыздан өткөрдүк, кайсы жыргалчылык үчүн? Алардын баарын Атамбаев бийликке келери менен барыбызды катардан чийип  унутуп калды. Ошондогу жана азыркы милиция, кылмышкер топтор, спортсмендерди, обон аялдар, дежурларды, айыл өкмөттөрдү, оппозицияга каршы чыгарып келгенин барыбызга белгилүү, азыр дагы ошо кырдалга келип турабыз. Азыр дагы үлпүлдөп турган оппозицияны камап отурат. Атамбаев унутуп калыптыр, канчалык бийлик зөөкүрчүлүккө теңсиздикке барса карама каршылык жаратып акыры эл жеңишке жетет.  Эл ого бетер  чыңалып,  курчуп жаны айла амалдарды ойлоп таап, каршылык жаратып келет. Оппозиция активдери мыйзамсыз куугунтукка учураганда, жөн жеринен камакка алынганда, же өмүрүнө кол салганда, активистердин арасында ар кайсы сөз сүйлөнө берет. Аксы окуясынан кийин Акаевди атып таштаса жакшы болмок, түп жумурткасынан кийин Бакиевди атып таштаса жакшы болоор эле, эл мынча кыйналбайт эле деп кеп кылгандар болгон. Арабыздан озуна ээ боло албаган лидер сөрөйлөр,  Бакиевди атканга бирөө бар, бир миллион берсеңер атып берет, экинчиси 500 000 миң долларга мен атып берем. Ой мага жүз миң доллар берчи мен эле атып берем, деген сөздөр сүйлөнө берчү, бирок бирөө да чындап андайга барган эмес. Азыркы тапта, чын чынына келгенде, эл колдогон оппозиция жок, болгону мурун кызматтан иштей албаган же уурулук кылган экс демогог оппозиция бар, алардын барында менчик партиясы бар, партияны жалгыз өзү гана түптөйт. Ошо оппозиция Атамбаевдин чабалдыгын пайдаланып, өлкөнү натыйжалуу башкара албай, эл сыйлай билбеген, элин шылдыңга алып келген үчүн, мамлекетти экономикалык кризиске алып келгени үчүн оппозиция жанданып, ажонун кетирген каталарын пайдаланып жатат.

Көрсө азыркы оппозиция саясый кризисти колдон чыгарбай, активдешип жатат,  Ошондуктан Атамбаев өлкөнү башкара албай, тегереги пара, акча алуу менен алек болуп, баш аламандык болуп жатканын мойнуна алыш керек. Бийликти мурункудай күч менен басып алгыдай оппозиция жок, эч ким көңтөрүштү энсеген жок, бирок Атамбаевди жек көргөндөр көбөйүп келетат, ал чындык. Атамбаев күч менен басып алгандардын акыркысы болушу мүмкүн. Басып алган кадамды Атамбаев толугу менен мойнуна алышы абзел, себеби жетектеп жана каржылаган ким эл, саясый коомчулук, бийликти күч менен басып алганды колдого албаган калган, алдамчы саясатчылардан алданып бүткөн, убадачыларды көргүсү дагы келбейт жана аларды эч ким колдобой калган. Баягы  Атамбаев, ТЕКЕбаевдерди элди алдагандан номер өтпөй калган, жөн эле оппозиция делген ЭКСтерди эл эрчибейт. Атамбаевдин жоругу курусун, тантып сүйлөгөн сөздөрү, элдин кыжырын келтирип жатканын билбейби. Оппозицияны жандантып жаткан  Атамбаев өзү сезбей жатат. Чындап келгенде азыркы убакта Кыргыздын таянар тоосуу жок, таза, жаратман эл үчүн күйгөн Кыргыз кайда? Ушундай эл кыйналып турганда, уурулар бийликти басып алганда, келсе болмок Кыргыз уурулардын сазына чөгүп баратканда, болбогон жок шылтоо менен оппозиция камаганы, Атамбаевге абийир, ДАНК алып келбейт. Оппозицияны камап өзүнүн суу кечпеген саясатын жүргүзөм дегени менен, ыплас саясат жүргүзүп жатканын башыбыздан өткөрүп келетабыз. Сасык саясатты элге сиңбейт, сасыкты таза саясат жаралганга түрткү берерин унутпаса, эл үчүн кызмат кыла турган лидерге жол ачылат. Темир ушунусу менен курчуйт эмеспи. Президент өзүн өзүнө каршы кадам жасаганын байкабай калды. Баягы оппозицияга каршы Юпи гейт, Токтокүчүк Мамытов, бир убакта оппозиция жандана баштаганда, айласы кеткенден Жаныш Бакиев Үрүмчүдө отуруп алып оппозицияны каржылап жатат деп шылдыңга калган, болбогон дезинформация КТРден таркатканга акылы жеткен. Ушуга окшогон генералдар Атамбаевди жардан түртүп түшүшөт. Кошомат бийликке сыйынуу өтө опурталдуу болот, “Самаркандан саман учту десе, жоо чаап келетат” дегендей, оппозиция көңтөрүш кылып бийлигимди басып алганы турат деп, 37 жылдагыдай адамды камаганы туура эмес. Бозодогу болбогон сүйлөшү сөздү жаздырып алышып, камакка алганы, бийлик мыйзамдуулуктан чыгып баш аламандыкка барып жатат. Оппозиция менен келишип алган деп Өзбек мамлекетин дагы күнөөлөп жатканы жакшы эмес. Кошуна менен ынтымакта болбосок ишибиз онолбойт.

Укук коргочу

Качкынбек БУЛАТОВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: