Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.
Белгилей кетсек, 23-мартка карата Кыргызстанда таажывируска чалдыккан 2 жаӊы учурлар катталган. Кыргызстан боюнча таажывирусуна менен ооруган адамдардын саны – 16. Алар: 7 эркек, 9 аял.
Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталган. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ