Казакстандын Түштүк-Казахстан областынын ички иштер департаментинин уюшулган кылмыш менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын октябрь айынан тартып, буга чейин бир нече ирет соттолгон кылмыш чөйрөсүндөгү “авторитет” Рафаэль Бикбаевдин жетекчилиги астындагы кылмыштуу топту кармоо иштерин активдүү жүргүзгөн. Бул туурасында Казакстандын ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.
Бикбаев жетектеген ал топ Түштүк-Казакстандын аймагында тоноо жана рейдерлик иштерди алып барган.
Ушул жылдын март айында полиция кызматкерлери Түштүк Корея жаранынын арызын караган. Ал 2014-жылы сырьё өндүрүүчү фабрика куруп, ишкерлик менен алектенип жүргөн. Бирок Бикбаев баштаган кылмыштуу топ ал ишкерди коркутуп анын фабрикасын өзүнүн бир мүчөсүнө жаздырып койгон.
Июнь айынын аягында оперативдүү топтор Шымкенттен кылмышкерлердин 9 мүчөсүн кармаган жана алар Бикбаевдин Корея жаранынан фабриканы мыйзамсыз түрдө тартып алгандыгын моюндарына алышып көрсөтмө беришкен.
2-августта Бикбаев мамлекеттер аралык издөөгө алынып, ушул жылдын 16-сентябрында Казакстан жана Россиянын ИИМи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйдасында Рафаэль Бикбаев Россиянын Москва областына караштуу Раменск районунда кармалган. Анын жанында Кыргыз Республикасынын жараны деген жасалма паспорту болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ