Легендарлуу «Rammstein» рок-группасынын лидери Тилль Линдеманн Чыңгыз Айтматов анын сүйүктүү жазуучусу экендигин жакында ММКга берген интервьюсунда белгилеген. «Мени бала кезимде «Война и мир», «Тихий Дон» аттуу чыгармаларды окушумду талап кылышкан. Бирок аталган чыгармалар мени такыр кызыктырчу эмес. Ал эми Ч.Айтматовдун чыгармалары мени таасирленткен. «Эрте келген турналар» менин эң жакшы көргөн чыгармам. Ошондуктан менин эң сүйуктүү жазуучум Чыңгыз Айтматов» деген оюн айткан.
Булак: “Де Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ