Menu

Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин уулу Канат өзү чөптөн жасаган тамеки менен ууланды

Бөлүшүү:

Ат-Башы районундагы оорукана 16 жаштагы уулануу менен түшкөн балага “уулу чөп кошулган тамеки чеккендиктен келип чыккан уулануу” деп диагноз койду. Бул туурасында Turmushка территориялык оорукананын башкы врачынын орун басары Асыл Султанбаева билдирген.

Анын айтымында биринин арты өлүм менен аяктаган эки баланын уулануусу чөптөн жасалган тамекини чеккендигинин натыйжасында келип чыккан.

Буга чейин Turmush 29-июнда саат 23:00 чамасында Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынан эки адамдын ууланып, алардын бири 21 жаштагы Н.К өзүнө келбей каза болгонун, бири 16 жаштагы А.Н. реанимациялык бөлүмгө жеткирилгенин, Ат-Башылык РИИБи экспертиза жүргүзүп жатканын жазып чыккан.

А. Султанбаева 16-жаштагы А.Н. биринчи реанимация бөлүмүнө түшүп, азыр акыбалы жакшырып калганын билдирди. “Биз бул ууланууну колго жасалган тамекинин кесепетинен деп ойлоп жатабыз, аны даярдап жатканда наркотикалык чөп кошулган. Аны бизге 16 жаштагы А.Н. айтып берди” деди Султанбаева.

Мурда белгилүү болгондой, каза болгон Канат белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин жана анын биринчи жубайы Кенже Кубатованын уулу. Канат кичинекейинен комузда ойноп, 5 жашында Турцияда өткөн эл аралык фестивалда алтын медаль утуп алган.

Булак: “Турмуш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: